Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

Апрель соту уланууда


Кандуу калабаны эскерүү учурунан.
Кандуу калабаны эскерүү учурунан.

29-март күнү Республикалык аскер сотунда Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү уланды. Анда жабырлануучулар жарыш сөзгө чыгышты. Апрель окуясынын жабырлануучуларынын коомдук өкүлү Осунбек Жамансариев 2010-жылы 7-апрелде Бишкектеги Ак үйдүн үстүндөгү көзгө атарларда курал болгонун, алар жетекчилеринин буйругу менен элге ок атканын ырастады.

Осунбек Жамансариев “Альфа” атайын бөлүгүнүн офицерлери Олег Ребенок, Руслан Байтоков жана Сергей Цигельниковдун Бишкек гарнизондук аскер соту тарабынан акталышын туура эмес деп эсептейт. Анын ырасташынча, аталган офицерлер Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевдин буйругун аткарып, 2010-жылы 7-апрелде Ак үй алдына нааразылыккка чыккандарга ок чыгарган.(NT;ZKo)

XS
SM
MD
LG