Чолпон-Ата шаарынын, Бостери жана Бактуу-Долоноту айылынын тургундары Чолпон-Ата шаарынын күн чыгыш тарабындагы Раппопорттун жол боюндагы эски теректердин кыйылышын талап кылышты. Буга чейин ал бактарды калтырып коюуну суранышкан тургундардын өтүнүчү социалдык тармакта жарыяланып, премьер-министр теректерди айланып өтүү жолун караштырууну тапшырган болчу. Митингдин катышуучулары эски бактардын кулап калуусунан чочулашууда. Бостери айылдык кеңешинин депутаты Чынара Молдошева:
- Ал жөн эле кеп, биздин элдин каршылыгы болгон эмес, бул бактардын жашы да келип калган, коопсуздугуна кепилдик жок, жакындагы эле Бишкектеги бак сыяктуу кулап калса эмне болот?
Тынчт митингге 30дай адам чогулуп, жыйынга келген Ысык-Көл районунун акиминен тургундардын талабын өкмөткө жеткирүүнү суранышты.
27-мартта Бишкекте бак кулап, эки автоунааны басып калган. Жүрүп бараткан автоунаанын айдоочусу ошол жерден жан берген. (AsM)