Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:10

Республикалык олимпиадада “Себаттын” окуучулары алдыда


Бишкектеги "Себат" билим берүү мекемеси.
Бишкектеги "Себат" билим берүү мекемеси.

Мектеп окуучуларынын арасындагы республикалык олимпиададан эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин окуучулары 44 алдыңкы орунду ээлешти.

Быйыл республикалык олимпиадага жалпы Кыргызстандан 323 окуучу катышты. Төрт турдун жыйынтыгы боюнча 10 предметтен 105 жеңүүчү аныкталса, анын ичинен 44 жеңүүчү “Себаттын” окуучулары. 1-орунду 14 окуучу ээлесе, 2-орунду 13 окуучу алып, 17 окуучу 3-орунга чыгышкан.

“Себат” билим берүү мекемесинин бир нече окуучулары эл аралык олимпиадаларда такай ийгиликтерге жетишип келатышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG