Жогорку Рада бүгүн башкы прокурор Виктор Шокинди кызматтан кетирди. Батыш өлкөлөрү коррупция менен күрөшүүгө тоскоолдук жасады деп эсептеп келген Шокиндин кызматтан кетишин 289 депутат колдоду. Анын отставкасы үчүн 226 добуш жетиштүү эле.
Шокин бул добуш берүүдөн бир саат мурда орун басары Давид Сакварелидзени иштен бошоткон. Сакварелидзе Батыш колдогон реформаларды ишке ашырууга кол кабыш кылуу үчүн Украинага чакырылган бир канча чет элдик адистердин бири эле. Ал Шокинди коррупцияга аралашкан бийлик төбөлдөрү жана депутаттар менен байланышы бар деп айыптап келген.
Кечээ Жогорку Рада алдына жүздөгөн адамдар Шокиндин кызматтан кетишин талап кылып чыккан. Коррупцияга каршы күрөштү жактагандар Башкы прокуратура чиновниктердин мүдөөсүн коргоо менен коррупция жайылышына жол берип жатат деген пикирде.
Быйыл 16-февралда президент Петро Порошенко баш прокурор менен премьер-министрди кызматтан кетип калууга үндөгөн соң Шокин отставка үчүн арыз жазган. Премьер-министр Яценюкту иштен кетирүү боюнча парламентте жетиштүү добуш топтолгон эмес. Баш прокурордун маселесин парламент карай бербеген соң 16-мартта Шокин кызматына кайтып келгени кабарланган.
Эми премьер Яценюктун кызматтан кетиши боюнча маселени парламент бүгүн кечке чейин добушка салары кабарланууда. Буга чейин Жогорку Радада жаңы коалиция кураганы жаткан үч фракция парламент спикери Владимир Гройсманды өкмөт башчылыкка сунуштоону макулдашкан.