Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Үрүстемов: Өкмөттөн протокол келгени анык


Үңкүр-Тоо.
Үңкүр-Тоо.

Кыргыз өкмөтүнөн “Өзбекстандын аймагында жайгашкан Үңкүр-Тоодогу радио-релейлик станцияларды башка жакка көчүрүү тууралуу” протокол келгенин Кербен шаар кеңешинин төрагасы Каныбек Үрүстемов “Азаттыкка” тастыктады:

-Бизге келген протоколду шаар кеңеште караганбыз. Ошондуктан, шаар кеңештин мен кол койгон токтомунда жазылып турат. Эмне үчүн радио-релейлик станция турган жер Өзбекстандын аймагы деп турат, ошого премьер-министр тастыктама берсин деп кайра өздөрүнөн тактоо сураганбыз. Анткени, бизге келип түшкөн протоколдо кыргыз-өзбек чек арасында турган деп эмес, “Өзбекстандын аймагында турган” деп жазылуу болчу. Үңкүр-Тоо стратегиялык обьект, эгер радио-релейлик станцияны көчүрүп кетсек, Өзбекстан тоону алып коет деп чырылдап, өзүбүздүн токтомду чыгарганбыз. Үңкүр-Тоону ким, качан, эмне үчүн Өзбекстанга берип жибергени белгисиз болуп жатат.

Кербен шаар кеңеши 22-мартта чукул жыйынга чакыртылып, анда Үңкүр-Тоодо жайгашкан радио-релейлик станцияны көчүрүү боюнча кошумча жер бөлүп берүү маселесин карашкан. Депутаттар бир ооздон кошумча жер бөлүүгө каршылыгын билдирип, кеңештин токтомун өкмөткө жолдошкон.

Ошол эле учурда өкмөт Үңкүр-Тоо боюнча протоколду жокко чыгарууда. Өкмөттүн маалымат кызматы социалдык тармактарда кайрадан пайда болгон “Үңкүр-Тоо Өзбекстандын аймагында” деген “өкмөттүн протоколун” кезектеги чагым деп атады. Өкмөттүн маалымат менен камсыздоо бөлүмү тараткан билдирүүдө “Мындай жалган маалымат таратуу – айрым бир адамдардын өзүнө саясий упай топтоо аракети. Өкмөт башчы да, башка эч бир расмий адамдар да мындай протоколго кол койгон эмес”, деп айтылат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG