Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Мамкаттоо кызматкерлерине кылмыш иши козголду


Жарандык паспорт.
Жарандык паспорт.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашкандай, мамлекеттик каттоо кызматынын Свердлов райондук паспорт-виза жана каттоо кызматынын жетекчилерине кылмыш иши козголду. Аларга “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган”, “кызмат абалынан аша чабуу”, “Кыргызстандын жарандык паспортун башка бирөөгө мыйзамсыз берген” деген беренелер боюнча айып тагылды.

Ага чейин ИИМдин 5-башкармалыгы тарабынан Кыргызстанда катталбаган дарыларды сатып жаткан ишкер кармалган. Иликтөөнүн жүрүшүндө ал 2013-жылы Свердлов райондук паспорт столуна 1974-жылкы паспорту жоголуп кеткенине байланыштуу жаңысын берүүнү өтүнүп кайрылганы белгилүү болгон.

Кошумча иликтөөнүн натыйжасында ал 2007-жылы кыргыз жарандыгынан чыкканын билдирип, 1974-жылы берилген кыргыз паспортун Орусиянын паспортуна жана жарандыгына алмаштырганы анык болду. Чек ара кызматтарынан алынган маалыматтарга ылайык, 2013-жылы ал чет мамлекетте болгон жана Свердлов райондук паспорт столго арыз жаза алмак эмес, деп билдирди Башкы прокуратуранын маалымат кызматы.

Бул иш боюнча учурда тергөө иштери жүрүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG