Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

Парламент комитети элчинин ишине оң баа берди


Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов.
Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов.

29-мартта Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоо комитетинде Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги өткөн жылы жасаган иштери тууралуу маалымат берди. Комитеттин мүчөсү Айнуру Алтыбаева Малайзиядан үлгү алуучу өлкө экенин белгилеп, андагы элчи Кылычбек Султановдун баяндамасына жогору баалады:

-Малайзиядагы элчи Кылычбек Султанов активдүү иштеп, көптөгөн иштерди аткарып жатат. Жакында окуучуларды кышкы каникулда Малайзияга алпарып, ал өлкө менен тааныштырып келди. Малайзия туризм жактан аябай өнүккөн мамлекет, үйрөнө турган нерсебиз көп.

Кылычбек Султанов Малайзиядан тышкары Бруней, Индонезия, Таиланддагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган. Бирок аталган өлкөлөрдө кыргыз элчилиги аккредитация боло электиги айтылып, комитет мүчөлөрү тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге бул ишти эртелетүүнү тапшырды.

Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG