Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Египет учагын мажбурлап кондурган адам кармалды


Барымтага алынган учак, Кипр.
Барымтага алынган учак, Кипр.

Кипрдин Ларнак шаарындагы аба майданда Египет учагын мажбурлап кондурган адам кармалганын Кипр бийликтери кабарлады. Анын алдында ал Сейф Элдин Мустафа аттуу Египет жараны экени айтылып жаткан. Египет медиасы ал Египетте камалган аялдарды бошотуу жана өзүн Евробиримдик өкүлдөрү менен жолугуштуруу талабын коюп жатканын жазып жатышкан. Кипр бийликтери барымтачы Александрия шаарындагы университеттин прфессору экенин, ал мурдагы аялы жашаган Кипрден башпаанек сураганын билдиришкен.

Кипр президенти Никос Анастасиадис мажбурлап кондурулган Египет учагынын террор менен байланышы жоктугун айтып чыкты.

Бүгүн эртең менен EgyptAir компаниясынын Александрия шаарынан Каирге учуп чыккан Airbus 320 учагын куралчан бир адам барымтага алып, Кипрдин Ларнак шаарындагы аба майданга конууга мажбурлаганы, ал жардыргыч затка шыкалган куру бар экенин айтып коркутканы маалымдалган.

Расмий маалыматка караганда, учакта жалпысынан 81 адам болгон.

XS
SM
MD
LG