Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:41

Кыргызстан менен Тажикстандын футболчуларынын беттеши башталды


Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. Бишкек. 8-октябрь 2015-ж.
Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. Бишкек. 8-октябрь 2015-ж.

Ушул учурда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында футбол боюнча кыргыз жана тажик улуттук курама командаларынын беттеши башталды. Оюн 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандап алуу беттештеринин экинчи баскычынын акыркы туру болуп саналат.

Дүйшөмбүнүн борбордук стадионунда өтүп жаткан таймаштын жүрүшүн Кыргызстандын аймагында Коомдук Биринчи канал жана КТРК Спорт каналдары түз алып көрсөтүүдө.

2015-жылы 8-октябрда Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын командалары беттешип 2:2 эсебинде тең чыгышкан.

2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна жана 2019-жылдагы Азия кубогуна тандап алуу беттештеринин экинчи баскычында Кыргызстан "В" тайпасында Австралия, Тажикстан, Бангладеш, Иордания курамалары менен ойноду.

7 оюндан кийин Австралия 18 упай топтоп көч башында. Андан соң үч упайга кем чогулткан Иордания курамасы жайгашууда.

Кыргызстандын эсебинде 11 упай бар. Тажикстанда 5 упай бар. Сегиз оюн ойноп тандап алуу баскычында мелдештерин жыйынтыктай турган Бангладеш курамасы бир упайга ээ болду. (ECh)

XS
SM
MD
LG