Тажикстан менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде алгачкы эсепти кыргыз футболчулары ачышты. Дүйшөмбү шаарынынын борбордук стадионунда болуп жаткан беттештин 19-мүнөтүндө чабуулчу Виталий Люкс гол киргизди. Оюн Бишкек убактысы боюнча кечки саат 7де башталган.
Аталган беттеш 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандап алуу беттештеринин экинчи баскычынын акыркы туру болуп саналат.
Таймаштын жүрүшүн Кыргызстандын аймагында Коомдук Биринчи канал жана КТРК Спорт каналдары түз алып көрсөтүүдө.
2015-жылы 8-октябрда Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын командалары беттешип 2:2 эсебинде тең чыгышкан.
2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна жана 2019-жылдагы Азия кубогуна тандап алуу беттештеринин экинчи баскычында Кыргызстан "В" тайпасында Австралия, Тажикстан, Бангладеш, Иордания курамалары менен ойноду.
7 оюндан кийин Австралия 18 упай топтоп көч башында. Андан соң үч упайга кем чогулткан Иордания курамасы жайгашууда.
Кыргызстандын эсебинде 11 упай бар. Тажикстанда 5 упай бар. Сегиз оюн ойноп тандап алуу баскычында мелдештерин жыйынтыктай турган Бангладеш курамасы бир упайга ээ болду. (ECh)