Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Германия тышкы иштер министри Борбор Азияны кыдырат


Франк-Вальтер Штайнмайер
Франк-Вальтер Штайнмайер

Германиянын тышкы иштер министри, учурда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюумуна төрагалык кылып жаткан Франк-Вальтер Штайнмайер Борбор Азия өлкөлөрүнө иш сапары менен чыгарын бүгүн аталган өлкөнүн тышкы саясий мекемеси кабарлады. Немис министринин сапары 30-мартта Өзбекстандан башталып, андан ары Кыргызстан менен Тажикстанда уланат.

Штайнмайер сапар алдында Борбор Азияга "ишкердикти өнүктүрүү мүмкүндүктөрү кеңири жана глобалдык туруктуулук үчүн маанилүү тобокелчиликтери бар стратегиялык маанидеги аймак" деп баа берди. Анын сөзүнө караганда, Борбор Азия Орусия, Кытай жана Иран сыяктуу ири өлкөлөрдүн кызыкчылыктары кесилишкен аймак катары да саналат.

Германия тышкы иштер министринин бул сапарынын алкагында жолугушууларда терроризмге каршы күрөш, аймактык кызматташтык жана экономикалык байланыштар боюнча маселелер көңүл чордонунда болору кабарланууда.


XS
SM
MD
LG