Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:24

Кыргызстандын футболчулары тажикстандык атаандаштарын утуп алды


Тажикстан менен Кыргызстандын футбол боюнча бүгүнкү беттеши 0:1 эсебинде кыргыз футболчуларынын пайдасына аяктады. Кыргызстанга таандык жалгыз голду 18-мүнөттө чабуулчу Виталий Люкс киргизди.

Оюн бүгүн, 29-мартта Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарындагы борбордук стадиондо өттү.

Бул беттеш 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандап алуу беттештеринин экинчи баскычынын акыркы туру болуп саналды.

Аталган командалар 2015-жылы 8-октябрда Бишкекте беттешип, 2:2 эсебинде тең ойношкон.

Тайпалык тандап алуу оюндарында Кыргызстандын негизги атаандаштары болгон Австралия менен Иорданиянын футболчулары бүгүн Австралиянын Сидней шаарында беттешип 5:1 эсебинде талаа кожоюндары жеңишке жетти. Ошентип 8 оюндан кийин Австралия 21 упай топтоп көч башын жетектеди. Иорданияда 16 упай бар.

Бүгүн Тажикстан курамасын уткан Кыргызстандын футболчулары 14 упай менен В тайпасында үчүнчү орунду ээледи.

Тажикстан беш, Бангладеш бир упайга ээ болду.

Экинчи баскычтагы тандоо оюндарында Кыргызстан ээ болгон үчүнчү орун менен дүйнө чемпиондугунун үчүнчү баскычында ойной алышпайт. Бирок, 2019-жылы боло турган Азия кубогунун үчүнчү баскычтагы тандоо оюндарына чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

2018-жылы Орусияда өтчү футбол боюнча дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын экинчи баскычында Азия чөлкөмүндө 8 тайпага бөлүнгөн бештен команда ойноду. Бул баскычта биринчи орунду ээлеген 8 команда жана мыкты көргөзгүчкө ээ болгон төрт команда дүйнө чемпиондугунун тандоо оюндарынын үчүнчү баскычына жана 2019-жылы Бириккен Араб Эмиратында өтө турган Азия кубогунун финалдык бөлүгүндө ойноого жолдомо алышат. Калган командалар дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынан четтетилет.

Футбол боюнча дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын экинчи баскычында экинчи орунду ээлеп начар көрсөткүчкө ээ болгон төрт команда, үчүнчү орунду ээлеген төрт команда жана төртүнчү орунду ээлеп жакшы көрсөткүчтү камсыздаган төрт команда Азия кубогунун үчүнчү баскычындо ойноого жолдомо алышат. (ECh)

XS
SM
MD
LG