Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:17

Москвада кыргыз-орус аскердик кызматташтыгы талкууланууда


Москвада бул күндөрү кыргыз-орус аскердик кызматташтыгы талкууланып жатат. Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Марат Кенжисариев баштаган расмий делегация ал жакта 1-апрелге чейин болот.

Сапардын алкагында Орусиянын Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматында, Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабында жолугушуулар болорун кыргыз тарап маалымдаган.

Күн тартибинде эки тараптуу кызматташтык, Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүү жана кыргыз жергесинде жайгашкан орусиялык бириккен аскердик базанын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер бар. (RK)

XS
SM
MD
LG