Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:28

Оппозиция Бишкекте митинг өткөрөт


Оппозициянын 2010-жылдын 7-апрелиндеги нааразылыгы.
Оппозициянын 2010-жылдын 7-апрелиндеги нааразылыгы.

Бүгүн Бишкекте оппозициянын митинги өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” акциянын уюштуруучуларынын бири Адил Турдукулов кабарлады. Айтымында, негизги маселе – чек ара.

- Негизги маселе – чек ара. Коргоо кеңеши жана Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, биздин жерлер Өзбекстанга өттүбү, жокпу, ачыкка чыгарсын. Мындан тышкары, социалдык маселелер талкууланат.

“Бириккен оппозициялык кыймыл” уюму 24-мартта Ошто курултай өткөрмөк. Чек ара маселесине байланыштуу деген себеп менен ал белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Бүгүнкү акция Максим Горький атындагы паркта өтөт. Аны борбордук аянтта уюштурууга Бишкектин Биринчи Май райондук акимчилиги уруксат берген жок. (RK)

XS
SM
MD
LG