Эсеп палатасынын жаңы дайындалган аудиторлору: Улукбек Марипов, Эсентур Самыкбаев, Вадим Садовников, Алмасбек Султанкулов, Ишенбек Медетов, Нурболот Мирзахмедов, Акылбек Түмөнбаев жана Эмилбек Эркинбек уулу депутатттардын алдында ант беришти.
Булардан тышкары бүгүн Жогорку Кеңеште Акыйкатчынын орун басары Ерлан Абдыкайимов ант берет.
Парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков жаңыдан кызматка киришип жаткан Эсеп палатасынын аудиторлорунун ишине ийгилик каалады.(ZKo)