Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

Парламентте өкмөттүн катышуусунда чек ара маселеси талкууланат


Үңкүр-Тоо.
Үңкүр-Тоо.

Жогорку Кеңеш депутаттарынын бир топ талаш-тартышынан кийин парламент көпчүлүк добуш менен чек ара маселесин кароону чечти. “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев чек ара маселесин “саясий шоу” деп атаган кесиптештерине нааразылыгын билдирип, Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө шек келип жаткандыгын кошумчалады. “Атамекенчи” Сайдулла Нышанов маселе жок дегенде жабык каралууга тийиштигин айткан соң, кесиптештеринин көпчүлүгү анын сунушун колдошту. Ага ылайык, түштөн кийин Жогорку Кеңешке өкмөт мүчөлөрү, чек арачылар келип, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы кырдаал, Үңкүр-Тоо маселеси боюнча маалымат беришет. Мындан тышкары депутаттар оппозициянын сүйлөшүүлөрү делген аудиотасмалар боюнча да маалыматтарды угушат.

Бул маселе жабык каралышы ыктымал.

29-март күнү Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Үңкүр-Тоого байланышкан маселени жабык караган. Аягында комитет Үңкүр-Тоого жайгашкан радио-релейлик станцияны башка жакка көчүрүүгө каршылыгын билдирип, тескерисинче анын ишмердүүлүгүн күчөтүүнү талап кылган токтом кабыл алган. Ошондой эле комитет мүчөлөрү Башкы прокуратурага 22-мартта Кербен шаар кеңешинин кароосуна жиберилген өкмөт токтомунун аныктыгын иликтеп чыгууну тапшырган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG