Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:00

Оппозициянын жыйыны 20-апрелге жылды


Күтүлгөн жыйын болбой калды.
Күтүлгөн жыйын болбой калды.

Бул тууралуу “Кыргызстан патриоттук күчтөрү” координациялык кеңешинин мүчөсү Мамбетжунус Абылов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, митингдин жылдырылуусуна Жогорку Кеңештин профилдүү комитетинде Үңкүр-Тоо маселеси каралганы негизги себеп болгон.

Абыловдун сөзү боюнча, координациялык кеңеш парламент комитетинин талаптары ишке ашырылышын күтөт. Комитет чечими ишке ашырылбаса 20-апрелде митинг болот.

29-мартта Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Үңкүр-Тоого байланышкан маселени жабык караган. Аягында комитет Үңкүр-Тоого жайгашкан радио-релейлик станцияны башка жакка көчүрүүгө каршылыгын билдирип, тескерисинче анын функциясын күчөтүүнү талап кылган токтом кабыл алган. Ошондой эле комитет мүчөлөрү Башкы прокуратурага 22-мартта Кербен шаар кеңешинин кароосуна жиберилген өкмөт токтомунун аныктыгын иликтеп чыгууну тапшырган. Жогорку Кеңеш бул иштерди аягына чыгууга Башкы прокуратурага 20-апрелге чейин мөөнөт берген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG