Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:42

Атамбаев: Кыргызстан “араб жазын” бир эмес, эки жолу башынан өткөрдү


30-мартта тогуз мамлекеттин элчилери президент Алмазбек Атамбаевге ишеним грамоталарын тапшырды.
30-мартта тогуз мамлекеттин элчилери президент Алмазбек Атамбаевге ишеним грамоталарын тапшырды.

Бул сөзүн Кыргызстандын президенти тогуз мамлекеттин элчилерин кабыл алганда айтты. 30-мартта тогуз мамлекет: Пакистан, Түркмөнстан, Алжир, Польша, Австралия, Швеция, Филиппин, Израил жана Венгриянын Кыргызстандагы элчилери президент Алмазбек Атамбаевге ишеним грамоталарын тапшырышты.

Мамлекет башчы элчилердин ар бирине өзүнчө токтолуп, саясый, экономикалык, маданий жана тарыхый байланыштар туурасында белгиледи. Элчилерге ыраазычылык билдирип жатып президент “Кыргызстан бир эмес эки жолу “араб жазын” башынан өткөргөнүн белгилеп, учурда бул окуялар артта калганын билдирди.

Президент мамлекеттер аралык мамилелердин өнүгүүсүндө элчинин салымы зор экенин айтып, каалоо тилектерин билдирди.(IK;ZKo)

XS
SM
MD
LG