Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:53

Лахордогу жардыруу боюнча беш миңден ашуун киши сурак берди


Лахордогу жардыруудан кийин. 27-март, 2016-жыл. Пакистан.
Лахордогу жардыруудан кийин. 27-март, 2016-жыл. Пакистан.

Пакистан расмий бийлиги 27-мартта Лахордо уюштурулган жардырууга байланыштуу 5 миңден ашуун киши кармалганын маалымдады. Тергөөчүлөр алардын 216сы камакка алынып, калгандары сурактан соң бошотулганын билдиришти.

Жекшембиде Пасха майрамы белгиленип жаткан кезде Гулшани Икбол деп аталган сейил бакта жардыруу болуп, 70тен ашуун адам мерт кеткен эле.

Пенжаб облустук бийлигинин өкүлү Рано Саноуллах 29-мартта шектүүлөрдү кармоо операциясын полициянын Террорго каршы башкармалыгы менен атайын кызмат өкүлдөрү бирге өткөрүшкөнүн, алдыда башка аскерий күчтөр да тартыларын кошумчалады.

27-март күнкү апаатка жоопкерчиликти талиптерге байланышы бар “Жамаат-ул Ахрар” тобу алган. Алар сокку Пасханы белгилеп жаткан христиандар бутага алынганын айтышып, мындан ары да кол салуулар көбөйөрүн эскертишкен.

Пакистан өкмөт башчысы Наваз Шариф бул жардыруудан соң телекайрылуу жасап, террорчуларга каршы күрөштү күчөтө тургандыктарын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG