Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

АКШ жарандары Түркиянын түштүгүнөн чыгарылууда


Анкарада 30дан ашуун адамдын жанын кыйган жардыруудан кийин. 13-март, 2016-жыл.
Анкарада 30дан ашуун адамдын жанын кыйган жардыруудан кийин. 13-март, 2016-жыл.

АКШ Мамлекеттик департаменти жана Пентагон америкалык дипломаттар менен аскер адамдарынын үй-бүлөлөрүн теракт коркунучу күчөп баратканына байланыштуу Түркиянын түштүк райондорунан чыгып кетүүсүн буйруду.

Бул буйрук Адана шаарындагы америкалык консулдуктун кызматкерлерине, Инжирликтеги базанын аскер адамдарына, Измир менен Мугла аймагындагы америкалык жарандардын үй-бүлөлөрүнө тиешелүү.

Пентагондун өкүлү Питер Кук аталган чечим конкреттүү коркунучка байланыштуу эместигин, болгону адамдардын өмүрүн тобокелге салбоо үчүн этият болуу максатында кабыл алынгандыгын айтты.

АКШ бийлиги жарандарына кайрылып, Түркияга баруудан баш тартууга да чакырып жатат.

Бир күн мурун Израил бийлиги да өз жарандарына ушундай эскертүү берген. Түркияда соңку кездери террорчулар байма-бай жардырууларды ишке ашырууда.

XS
SM
MD
LG