Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:59

Таласта ымыркайын таштап кеткен эне изделүүдө


Бул жөнүндө Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, 26-мартта саат 08:30 чамасында Талас шаарынын Оторбаев көчөсүндөгү турак жайдын короосунан жаңы төрөлгөн баланын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Ымыркайдын денеси Таластагы өлүкканага жеткирилип, соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертизаларга берилген. Учурда экспертизалардын корутундусу чыга элек, аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымдашынча, Таласта ташталып кеткен ымыркайдын жансыз денеси акыркы эки жылда экинчи жолу катталууда.(SS)

XS
SM
MD
LG