31-мартта жана 1-2-апрелде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу болушу мүмкүн. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы 1-2-апрелде дыйканчылык аймактарда түнкүсүн 1...6°, күндүз 8...13° жылуулукка чейин төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерине, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоо жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
2-3-апрелде Талас, Кемин өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде айрым жерлерде 0...2° жеткен үшүк жүрөт. Мындай үшүк бүчүр байлаган жана гүлдөгөн мөмө бактарга коркунуч алып келет.
2016-жылдын 31-мартынан 2-апрелине чейинки жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, Каракол-Эңилчек жана Ала-Бука-Канышкыя автоунаа жолдорундагы каттамдарга оорчулук келет, жолго кар көчкү түшүүсү ыктымал. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталыш зарылдыгын эскертет.
31-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот. Түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күчөйт. Бийик тоолуу аймактарда автоунаалардын жүрүшү кыйындайт, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 10…15 жылуу болот.
Таласта түнкүсүн 6…11, күндүзү 10…15,
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 7…13, күндүзү 12...17 градус жылуу болот.
Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүзү 11...16 градус жылыйт. Нарында түнкүсүн 0…5, күндүзү 9…14 градус жылуу болот.
Суусамырда түнкүсүн -3…+2, күндүзү 1…6 градус жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6, күндүзү -3…+2 жылыйт.
31-мартта Бишкек шаарында күндүз маал-маалы менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 11…13°, күндүзгү температурасы 13…15° жылуу болот.