Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:37

Роухани Австрияга сапарын капилет токтотту


Хасан Роухани
Хасан Роухани

Иран президенти Хасан Роухани 30-мартта Австрияга белгиленген сапарын белгисиз мөөнөткө жылдырды. Австрия бийлигинин маалыматына караганда, Тегеран сапарды токтотуунун анык себептерин билдирген эмес. Айрым булактар муну коопсуздукка байланыштуу экенин кабарлашты. Австриянын Ички иштер министрлиги Венада коопсуздукка коркунуч келтирген негиздер жок экенин айтууда.

Иран өкмөтүнүн сайтында Роуханинин 30-31-мартка пландаган сапары “тараптардын өз ара макулдашуусуна ылайык” башка мөөнөткө жылдырылганы жазылган. Бирок коопсуздук боюнча сөз жок.

Иран менен дүйнөдөгү кудуреттүү мамлекеттер ортосунда 2015-жылдын июлунда кол коюлган өзөктүк программа боюнча макулдашуудан соң Роухани экинчи ирет Европага сапарга чыгып жаткан эле. Быйыл январда Италия менен Францияга барып, ири келишимдерди түзгөн. Арасында 24 миллиард долларга 118 даана Airbus учагын сатып алуу боюнча макулдашуу да бар.

XS
SM
MD
LG