Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

ИИМ: Жыл сайын 100 миң кишиге айдоочунун күбөлүгү берилет


Жол кырсыгы.
Жол кырсыгы.

Анткен менен алардын айдоочулук чеберчилиги төмөн бойдон калып жатканы ИИМдин Жол коопсуздугуна арналган баяндамасында келтирилген. Баяндама жасаган ички иштер министри Мелис Турганбаевдин ырасташынча, айдоочулук күбөлүккө ээ болуу менен унаа айдай билүү жөндөмү эки башка башка маселе. Министрдин ырасташынча, Кыргызстанда жылына 400 автокырсык айдоочулук стажы бир жылга жетпеген айдоочулардын күнөөсүнөн болот. Турганбаев акыркы убактарда мындай кырсыктар көп каттала баштаганын билдирди.

29-мартта Жогорку Кеңеште жол коопсуздугуна арналган парламенттик угуу өттү. Анда айтылган маалыматтарга ылайык, өткөн жылы жол кырсыктарынан миңге чукул киши өмүрү менен кош айтышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG