Пакистан бийлиги парламент жанында митинг өткөрүп жаткан радикал исламчылар күч менен таратыларын билдирди. Ички иштер министри Нисар Али Хан 29-мартта кечинде демонстранттарга эскертүү берип, эгер отуруп алып, нааразылык билдирип жаткан акцияларын токтотушпаса, бийлик күч колдонууга аргасыз болорун белгиледи:
- Биз күч колдонгубуз келбейт. Бирок мындан ары жөн эле карап турганга болбойт, - деди Хан.
27-мартта шарияттын радикал багытын колдогон “Техрик” тобунун 10 миңден ашуун мүчөсү Исламабадда көчөгө чыгышкан. Алар полиция офицери Мумтаз Кадринин өлүм жазасына тартылганына нааразылык билдирип жатышат.
2011-жылы Пенжабдын губернатору Салман Тасирди күзөтчүсү Мумтаз Кадри атып өлтүргөн болчу. Ал сотто Тасир Аллага сөз тийгизгенин, ошондон улам атып салганын айткан.