Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

Жалал-Абад: Мигранттардын балдарынын арасында кылмыштуулук көбөйдү


Өткөн жылы Жалал-Абад шаарында балдар арасында 23 кылмыш иши катталса, алардын 50% мигранттардын балдары болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Айдай Нышанбаева "Канткенде жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларга жана кылмыштуулукка бөгөт кое алабыз" аталышындагы тегерек стол жыйынында билдирди.

Анын ырасташынча, былтыр 17 баланын иши сотко өтүп, алтоо кыскартылган. Быйыл 2 айда 5 кылмыш иши катталып, бирөө соттун кароосуна жөнөтүлдү.

Шаарда 1700дөн ашык баланын ата-энеси сыртта иштеп жүрсө, 400гө чукул бала аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашашат. Ошондой эле 84 майып балдардын 23ү үй шартында билим алышат.(RsK)

XS
SM
MD
LG