Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:17

Көлдөгү айрым окуучу кыздар эркек мугалимдин сабагына киришпейт


Бул тууралуу Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Абирова муфтий Максатбек Токтомушев баштаган бир катар дин ишмерлери, теолог аалымдар менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтуусунда, Ысык-Көл районунда билим алуудан, үй эмеректеринен жана башка ыңгайлуулуктардан баш тартып, диний ишенимге катуу берилип кеткен үч үй-бүлө бар.

- Ал үй-бүлөлөр балдарын мектепке жибербейт, анткени биздин билим алардын балдарын бузат деп түшүнүшөт, кыздарды күйөөгө эрте беришет,- деди Абирова.

Адистин айтуусунда, айрым кыздар мектепке кара көйнөк кийип, жоолук оронуп келип, эркек мугалимдин сабагына кирүүдөн да баш тартышууда.

Муфтий өз кезегинде окуучу кыздарды жоолук салынууга да, чечүүгө да эч ким мажбурлай албасын айтты. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан маалымдашты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG