Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:44

Жалал-Абад облусундагы автобекеттер текшерилет


Кан жол.
Кан жол.

Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева билдирди. Бул багытта атайын комиссия түзүлүп, аймактарга жөнөгөнү жатышат. Алар ички каттамдарды тейлеген автобекеттердин бүгүнкү абалын, иштөө тартибин, маршруттук каттамдагы унаалардын техникалык жана санитардык эрежелерин ошондой эле анын жака белиндеги кичи магазиндердин мыйзамдуу иштөөлөрүн карап чыгышат.

Өкмөт өкүлү бардык райондук жана шаардык жетекчилерге мындан сырткары кан жолдун боюндагы жашоочулардын кунары качкан жана бузулган турак жайларын оңдоого көмөктөшүүгө тапшырма берди. Бул аракеттер быйыл белгиленүүчү өлкө эгемендүүлүгүнүн 25 жылдык майрамына карата жүргүзүлүүдө.

Облус аймагында 9 райондук жана 6 шаардык маанидеги автобекет бар. Алардын айрымдары учурда иштебей турат.(RsK)

XS
SM
MD
LG