Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:00

ЕБ Назарбаевди адам укуктарын урматтоого чакырды


Европа комиссиясынын башчысы Жан-Клод Юнкер казак президенти Нурсултан Назарбаев менен. 30-март, 2016-жыл.
Европа комиссиясынын башчысы Жан-Клод Юнкер казак президенти Нурсултан Назарбаев менен. 30-март, 2016-жыл.

Европа комиссиясынын башчысы Жан-Клод Юнкер казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, Казакстанда одоно түрдө бузулуп жаткан адам укуктары жаатында алгылыктуу кадамдарга барууга чакырды. Экөө 30-мартта Брюсселде Назарбаевдин Белгияга жасаган иш сапарынын алкагында кезигишти.

Маалымат жыйын учурунда Юнкер адам укуктары маселесин бекеринен көтөрбөгөнүн, эл аралык кызматташуу максатында казак бийлиги муну эске аларына үмүт артарын белгиледи.

Нурсултан Назарбаев Белгияга шаршембиде барды. Иш сапар алкагында Европа Биримдигинин төрагасы Дональд Туск менен да жолугуп, саясий, соода-экономикалык жана маданий кызматташтыкты талкуулашты.

Казак парламенти ушул айда Европа Биримдиги менен кызматташууну кеңейтүү жаатындагы макулдашууну ратификациялаган.

XS
SM
MD
LG