Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

Парламент Үңкүр-Тоо маселесин жабык талкуулады


Үңкүр-Тоо маселесин бүгүн парламент өкмөттүн катышуусунда жабык карады. Кечээ маселе Жогорку Кеңештин комитетинде талкууланып, анда Башкы прокуратурага 22-мартта Кербен шаардык кеңешинин кароосуна жиберилген өкмөт протоколунун аныктыгын иликтеп чыгуу тапшырылган.

Чек арадагы кырдаал жана коопсуздук маселеси боюнча өкмөт башчы Темир Сариев баш болгон күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү маалымат беришти.

Эл өкүлү Жанарбек Акаев жыйын жабык өткөнү менен анда жашыруун деле эч кандай маалымат айтылбаганын белгилеп, Үңкүр-Тоо боюнча өкмөт башчы буга чейинки эле позициясын кайталаганын билдирди:

- Талаштуу жерлердин бир дагы сантиметрин башка өлкөгө өткөрүп берүү ниетибиз жок деди. Ал өкмөттүн планында санариптик телеберүүгө өтүү жана башка маселелерге токтолуп, дагы бир станция куруу ою бар экенин айтты. Бүгүн жашыруун, сырдуу эч кандай деле сөз болгон жок. Үңкүр-Тоо боюнча күч органдарына тапшырма болуптур. Депутаттар ошонун жыйынтыгын күтүп туралы дешти.

Талаш жараткан Үңкүр-Тоо маселеси парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин кезектеги жыйынында 29-март күнү да жабык талкууланган. (AzK/RK)

XS
SM
MD
LG