Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Бишкекке иш сапар менен Германиянын тышкы иштер министри Штайнмайер келет


Германиянын тышкы иштер министри Франк-Валтер Штайнмайер. Берлин. 12.01.2016.
Германиянын тышкы иштер министри Франк-Валтер Штайнмайер. Берлин. 12.01.2016.

Бүгүн Бишкекке иш сапар менен Германиянын тышкы иштер министри, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) азыркы төрагасы Франк-Валтер Штайнмайер келет.

Немис дипломаты Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, парламент жана өкмөт мүчөлөрү менен жолугушат.

Бул жолугушуулар маалында эки тараптуу кызматташтык менен катар террорчулукка каршы күрөшүү, аймактагы мамилелер жана ЕККУ алкагындагы экономикалык карым-катнаштын жагдайы тууралуу талкуу кылынат.

Штайнмайердин бул Борбор Азия сапарынын алкагында Кыргызстандан тышкары Өзбекстан жана Тажикстан жетекчилери менен жолугушуусу каралган.(RK)

XS
SM
MD
LG