Өткөн жылы Нарын шаарынын 4 жерине орнотулган 8 видеокөзөмөлдөөчү аппараттын учурда экөө гана иштеп жатат. Бул тууралуу шаар мэри Рахат Адиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында видеокамераларды толук иштетүү үчүн кошумча каражат керек.
- Биз 8 камерага эми кабель чубап алып барганы бюджеттен акча карап жатабыз. Ага 300 миң сомдун тегерегиндеги каражат керек. Кийинки 9 айдын жыйынтыгы менен бул ишке ашып калат деп айта алам. Ал эми иштебей турган камералар кабелсиз болгондуктан "катып калып", кыймылды жакшы көрсөтпөндүктөн өчүрүп салганбыз. Адистер баардыгын бир учурда күйгүзсө күч келип каларын айтканынан ушундай кылдык, - дейт Адиев.
Облустук Жол кайгуул кызматынан кабарлашкандай, шаардагы кыймылды көзөмөлдөп туруу үчүн 12 жерге видеокамера ортонуу керек.
Былтыркы аппараттарды ортонуу үчүн шаар бийлиги 278 миң сом бөлгөн. (MiK)