Облустун аймагынан элүүдөн ашык имам Нарын шаарына окуу семинарга чогулушту. Аларга Кувейт өлкөсүнөн келген диний аалым Аатиф Ар-Рифааьи “Исламдын аруулугу аша чабуудан жана кайдыгериктен алыс” деген аталыштагы окуу өткөрдү. Бул тууралуу облустук казыяттын басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, бул окууну муфтият уюштурган.
Ушул жылдын башында Нарын облусунун аймагынан мыйзамсыз даават кылгандарды облустук милициянын 10-бөлүмү кармап, жазага тарткан. Алардын айтымында, кармалган дааватчылар мыйзамга баш ийбей, диний ишмердүүлүк жүргүзгөндөр болуп чыккан. (MiK)