Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:49

Парижде террорчулукка шектелген адамга айып тагылды


Террорчулукка шектелген Крикет.
Террорчулукка шектелген Крикет.

Париждин баш прокурору Франсуа Молендин кабарлашынча, Франция жараны Ред Крикет террордук чабуул жасоону мерчемдеген экстремисттик уюмга кирген, жардыргыч зат менен курал-жарак сактаган жана жасалма документ пайдаланган деп айыпталууда.

34 жаштагы бул жаран Парижде өткөн жумада кармалган. Анын батирин тинтүү учурунда анчылык мылтык, тапанчалар менен колдо жасалган жардыргыч заттар табылган.

Бийликтер Ред Крикет 2014-2015-жылдары Сирияда болуп, Франциядан Бельгияга бир канча жолу барып келгенин болжоодо. Ошондой эле ал былтыр ноябрда Парижде 130 адамдын өмүрүн алган террордук чабуулдарды уюштургандар менен байланышта болгон деп болжоого негиз бардыгы айтылууда.

XS
SM
MD
LG