Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:13

Украина чыгышындагы уруш он миңдей адамдын өмүрүн алды


Петр Порошенконун АКШдагы иш сапары.
Петр Порошенконун АКШдагы иш сапары.

Украина чыгышында орусиячыл жикчилер менен уруш 2014-жылдын апрелинен бери он миңге жакын адамдын өмүрүн алып кеткенин, алардын 2700дөн ашууну украин аскер кызматкерлери экенин бүгүн президент Петр Порошенко Вашингтондо билдирди.

Анын айтуусунда, Донбасста курман болгондордун саны АКШнын Ооганстандагы 15 жылдагы аскерий жоготууларынан да ашып кетти. УНИАН агенттигинин кабарлашынча, Порошенко мындан сырткары эки миллионго жакын адам бул уруштун айынан өз үй, өлөң төшөгүнөн айрылып, өлкө аймагынын жети пайыздайы баскынчылардын колунда калганын ырастады.

Украин президенти Минск келишимин аткарбаганы үчүн Орусияны айыптап, Батышты Москвага карата санкцияларды сактоого жана күчөтүүгө чакырды. "Донбасста туруктуулук орноп, Украинанын суверенитети калыбына келмейин санкциялар сакталышы керек", - деди Петр Порошенко.

XS
SM
MD
LG