Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Айыл өкмөттөрүнө муниципалдык ишкана, МТСтерди ачууга уруксат берилди


Эгин талаасы.
Эгин талаасы.

Бул тууралуу 31-мартта Жогорку Кеңештеги «өкмөттүк саат» учурунда премьер-министр Темир Сариев билдирди.

Анын айтуусунда, агротехникалык тейлөө борборлору жана айыл чарба техникасын колдоо өлкөнүн ар бир районунда ачылат. Премьер-министрдин сөзүнө караганда, «Айыл банк» аркылуу 300 даана техника берүү пландалууда.

Темир Сариев ошондой эле Кыргызстан-Орусиялык өнүктүрүү фонду доллардык насыяларды 4 жана 5 пайыз кылып банктар аркылуу берүүгө макул болгонун, бул сомго которгондо 12 пайызды түзөрүн кошумчалады.

Кыргызстанда айыл өкмөттөрүндө МТСтерди ачуу демилгеси Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясына таандык. Аталган фракция бул маселе боюнча тиешелүү токтом даярдап, өкмөткө жөнөтүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG