Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:56

Пальмираны минадан тазалоо үчүн орус адистери барды


Пальмира
Пальмира

Орусиянын коргоо министрлиги Сириянын байыркы Пальмира шаарын террорчулар коюп кеткен миналардан тазалоо үчүн атайын адистерин жибергенин кабарлады. Сириянын өкмөттүк күчтөрү 27-мартта бул байыркы шаарды орус аба күчтөрүнүн колдоосу менен "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун согушкерлеринен бошоткон. Калааны согушкерлер былтыр май айында ээлеп алган эле.

Орусия Пальмира кайтарылып алынган соң шаарды минадан арылтууга көмөктөшөрүн билдирген. Жардыргыч заттарды зыянсыздандырчу орус адистери бүгүн Орусиянын Сириядагы аскер базасына барды. Он айдай согушкерлердин колунда турган байыркы шаарды минадан тазалоо иши бир канча айга созулушу мүмкүн.

Бул шаар тарыхый-маданий комплекс катары ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинде турат. Бирок согушкерлер андагы тарыхый эстеликтердин бир тобун "бутпарастык" деп эсептеп, таш-талканын чыгарган. ЮНЕСКО согушкерлердин тарыхый жайларды талкалоосун наадандык катары баалап, аны согуштук кылмышка теңеген. Эми ал эстеликтерди калыбына келтирүүгө беш жылдай убакыт керектелери айтылууда.

XS
SM
MD
LG