Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Кадыров менен Асановду бошотуу талабы коюлууда


Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов.
Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов.

Ысык-Көл облусунун бир нече тургуну президентке кайрылуу жолдоп, “Чындык” партиясынын лидери Кубанычбек Кадыров менен “Эгемен Кыргызстан” партиясынын төрагасы Бектур Асановду камактан бошотуу талабын коюшту.

Анда мурунку эки бийликтин тушунда Кыргызстандын жерлери коңшуларга берилгени кандай жыйынтык апкелгени эскертилген. Кайрылуу ээлери ошондой эле бүгүнкү Жогорку Кеңештин, Акыйкатчы институтунун алсыз, бийликтен көз карандылыгын айтып, “мамлекеттин бүтүндүгү үчүн карапайым калктын таламын талашкан адамдарды бийликтин куугунтуктоосу акылга сыйбаган иш” деп белгилешкен.

Оппозициялык саясатчылар "Эгемен Кыргызстан" партиясынын лидери Бектур Асанов менен "Чындык" партиясынын жетекчиси Кубанычбек Кадыровду 24-мартта "Республика" гезитинин кеңсесинде сүйлөшүп отурган жеринен УКМК кызматкерлери кармап кеткен. Аларга Кылмыш кодексинин 27 жана 294-беренелери боюнча “мамлекеттик бийликти күч менен тартып алууга даярдык көргөн” деген айып тагылып, 12-майга чейин УКМКнын тергөө абагына камалышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG