Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Аксы: Элдик жыйында оппозицияны куугунтуктоону токтотуу талабы коюлду


22-марттагы Аксыдагы жыйын.
22-марттагы Аксыдагы жыйын.

Мындай чечим Аксы районунун Кара-Жыгач айылындагы элдик жыйында кабыл алынды. 31-мартта чогулгандар Үңкүр-Тоо маселесинин айланасындагы жагдайды талкуулашты. Ошондой эле райондогу активисттер Жанарбек Надырбековду жана Шекербек Камчыбек уулун УКМК кайра-кайра суракка алып жатканы айтылды. Аягында буларга карата саясий куугунтукту токтотуу, Кербен шаардык кеңешине берилген өкмөттүн протоколун текшерип кылмыш ишин козгоо, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу, бийлик бул маселелерди тез арада чечүүсүн талап кылган кайрылуу кабыл алынды. Жыйындын катышуучулары бул талаптар аткарылбаса, бийликтин отставкасын талап кылышмакчы.

22-мартта Кербен шаар кеңеши радио-релейлик станцияны башка жакка которуу боюнча өкмөттүн протоколун карап, ага каршы чыккан. Буга протоколдогу "РРС жайгашкан Унгар-Тоо Өзбекстандын аймагында" деген жазуу себеп болгон. Кийинчерээк өкмөт андай протокол болбогонун билдирген. Шаар кеңештин мүчөлөрү жана жергиликтүү активисттер протокол болгону үчүн Кербен шаар кеңеши ага каршы токтом кабыл алганын билдиришүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG