Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:51

Гаага соту серб улутчулу Шешелди актады


Серб радикал партиясынын мурдагы лидери Воислав Шешел
Серб радикал партиясынын мурдагы лидери Воислав Шешел

Мурдагы Югославия боюнча эл аралык трибунал бүгүн Серб радикал партиясынын мурдагы лидери Воислав Шешелди бардык айыптар боюнча актады. Судья Жан-Клод Антонетти сот ага тагылган тогуз айып боюнча тең далил таба албаганын айтып, Шешел бүгүндөн тарта эркиндиктеги адам деп эсептелерин жарыялады. 61 жаштагы Шешелге адамзатка каршы кылмыш боюнча үч, аскерий кылмыш жасоо боюнча алты айып тагылган эле. Ал өзү соттогу өкүм угузууга катышкан жок.

Воислав Шешел 1990-жылдары Балкан согушу кезинде аскерий кылмыш жасаган деп айыпталган. 2003-жылы Гаага сотуна өз ыктыяры менен келген. Айыптоочу тарап аны 28 жылга эркинен ажыратууну сурап, бирок сот иши созулуп кеткен. 2014-жылы ден соолугуна байланыштуу "адамгерчилик негизде" түрмөдөн бошотулган.

1990-жылы Югославиянын жети мамлекетке бөлүнүүсүнөн кийин чыккан согуш 130 миңдей адамдын өмүрүн алган.

XS
SM
MD
LG