Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкекке иш сапар менен келген Германиянын тышкы иштер министри, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) азыркы төрагасы Франк-Валтер Штайнмайер менен жолукту.
Мамлекет башчы кыргыз тарап министрдин бул сапарына өзгөчө маани берерин айтты.
Франк-Валтер Штайнмайер учурда активдүү жүрүп жаткан кыргыз-немис кызматташтыгынын мындан аркы өнүгүүсү маанилүү экенин баса белгиледи.
Жолугушууда эл аралык абал, аймактагы коопсуздук талкууланып, бүгүнкү күндүн чакырыктарына бирге каршы туруунун артыкчылыктуу багыттары тууралуу сөз болду.
Ошону менен катар эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык, Кыргызстанда демократияны жана сөз эркиндигин бекемдөө, таза жана акыйкат шайлоолорду өткөрүү багытында кызматташуу да талкууланды. (RK)