Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Үңкүр-Тоо маселесин ачык талкуулоо талабы коюлат


Үңкүр-Тоо маселесин Кыргызстан парламенти ачык талкуулашы керек. Мындай талап менен бүгүн Бишкекте Жогорку Кеңеш имаратынын жанында нааразылык акция өтөрүн “Азаттыкка” жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров билдирди. Ал прокуратурага тапшырма берип коюу менен маселе чечилбесин айтууда.

Аксы районундагы Үнкүр-Тоодо Кыргызстандын радиорелейлик станциясы жайгашкан. Жакында жергиликтүү депутаттар аларга өкмөттөн бул станцияны көчүрүү тууралуу протокол келгенин, анда радиорелейлик мунара Өзбекстандын территориясында деп жазылганын, бирок эч убакта ал жер өзбек тараптыкы болбогонун айтып нааразылык билдиришкен.

Өкмөт андай протокол барбы, жокпу, азырынча так айта элек, болгону “Темир Сариев Үңкүр-Тоону Өзбекстанга берүү тууралуу токтомго кол койгон эмес” деген гана билдирүү жасалган.

30-мартта парламент бул маселени жабык карап, Башкы прокуратурага интернетте өкмөттүн протоколу деп тарап жаткан материалдардын чын-төгүнүн териштирип, 20-апрелге чейин жообун берүүнү тапшырган. (RK)

XS
SM
MD
LG