Шаар кеңештин отуруму жабык өтүүдө. Ага өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров, Жалал-Абад облусундагы өкмөт өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов, өкмөттүк аппараттын өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик ээлери катышууда. Үңкүр-Тоого жакын жайгашкан Курулуш айылынын тургундары жыйынга киргизилген жок.
Айрым маалыматтар боюнча, Кербен шаардык кеңештин депутаттары 22-мартта өкмөт тарабынан кеңештин кароосуна жиберилген протоколдун аныктыгын тастыктоону талап кылышууда.
22-мартта Кербен шаар кеңешинин кароосуна кыргыз өкмөтүнөн “Кербен радио-релейлик станциясын көчүрүү үчүн башка жер берүү” тууралуу протокол жиберилген. Шаар кеңештин депутаттары ал протоколго каршы чечим кабыл алышкан. Буга протоколдогу “Унгар-Тоо Өзбекстандын аймагында жайгашкан” деген жазуу негиз берген. (RsK;ZKo)