Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

“Бир дүйнө-Кыргызстан” УКМКдан документтерин ала ала элек


Бир жыл мурун "Бир дүйнө - Кыргызстан" уюмунун Оштогу кеңсесинде жана адвокаттар Валерьян Вахитов менен Хусанбай Салиевдин үйүндө жүргүзүлгөн тинтүү учурунда алынган документтер эмгиче кайтарыла электиги тууралуу аталган уюм билдирүүдө. Билдирүү ээлери УКМК өткөн жылы сот тарабынан документтерди кайтарууга милдеттендирилсе да, бир жылдан бери аны аткарбай келе жатканын белгилешет.

2015-жылы 27-мартта УКМК "Бир дүйнө - Кыргызстан" уюмунун Оштогу кеңсесинде жана адвокаттар Валерьян Вахитов менен Хусанбай Салиевдин үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Муну атайын кызмат шек жараткан америкалык журналист Умар Фаруктан аталган уюмдун кызматкерлеринин визиттик карталары табылганы менен байланыштырган болчу. Көп өтпөй Ош облустук соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин укук коргоо уюмуна карата аракеттерин мыйзамсыз деп тапкан. 18-майда Ош шаардык соту УКМК тергөөчүсү Таалай Абдыбаитовду “Бир дүйнө-Кыргызстан” уюмунун документтерин кайтарып берүүгө милдеттендирген чечим чыгарган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG