Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:08

АКШ Украинага 335 миллион доллар берет


Вашингтондогу жыйын.
Вашингтондогу жыйын.

АКШ Украина коопсуздугун сактоого көмөк катары 335 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу 31-мартта АКШ вице-президенти Жо Байден менен Украин президенти Петро Порошенко жолуккандан кийин АКШ бийлиги кабарлады.

Орусия Крымды аннексиялап, чыгышта жикчил козголоңчулар тополоң чыгаргандан кийин Украина экономикалык кризиске кабылган. Жардам мына ушул жагдайды калыбына келтирүү үчүн берилери айтылат.

Ошол эле учурда Вашингтон украин бийлигиндеги коррупцияга да тынчсызданат. Жаңы куралчу өкмөт реформаларды ишке ашырып, саясий-экономикалык кризисти жөнгөрүүгө президент Порошенко да катуу киришсе жардам да көбүрөөк болору убада кылынганы айтылды

“Вице-президент туруктуу, реформага ыктаган өкмөттү кубаттайт. Зарыл реформалар эл аралык экономикалык жардамдарды тартууга чечүүчү таасир берет. Мунун ичинде АКШдан алынчу 335 миллион да бар”, деп айтылат Вашингтондогу Ак үйдөн таратылган билдирүүдө.

Украинадагы саясий кризис февраль айында, өкмөттү кетирүү маселесин президент көтөргөндө жанданган. Ошондон бери парламенттик коалиция жакында араң куралып, бирок ал жаңы өкмөттү түзө албай келет. Өкмөт башчы Арсений Яценюктун кызматынан кетүүгө ашыккан жери жок.

XS
SM
MD
LG