Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Орусиялык журналистти өлтүрүп кетишти


Орусиялык көз карандысыз журналист Дмитрий Циликинди Санкт-Петербургдагы үйүндө белгисиз бирөөлөр өлтүрүп кетишти. 54 жаштагы журналист бычактан алган жаракатынан улам жан бергени белгилүү болду.

Туугандары Циликин Ригадагы иш сапарынан келгенине бир жума өтсө да байланышка чыкпаганына тынчсызданып, полицияга кайрылышкан.

Полиция журналист эки күн мурда кансырап каза болгонун билдирди. Бул боюнча “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмаш иши козголгону Тергөө комитетинин сайтына жарыяланды. Ошондой эле маркумдун телефону менен ноутбугу жоголгону маалымдалат.

Дмитрий Циликин белгилүү музыка жана балет сынчысы катары да таанымал эле. 1992-2004-жылдары “Час Пик” гезитинде кабарчылыктан маданият бөлүмүнүн редакторлугуна чейин жеткен. “Петербург театралдык журналы”, Vogue, Elle, “Город” журналдарына, “Коммерсант”, “Московские новости”, “Время новостей”, “Ведомости” гезиттерине жазып турчу. “Алтын калем -2001” конкурсунда калыстардын атайын сыйлыгын уткан.

XS
SM
MD
LG