Германиянын Тышкы иштер министри, ЕККУ төрагасы Франк-Вальтер Штайнмайер 31-мартта Бишкектеги маалымат жыйынында журналисттердин батыш өлкөлөрүнүн Орусияга санкциялары тууралуу суроого жооп берип жатып ал жердеги экономикалык абал коңшу мамлекеттерге кедергисин тийгизип жатканын белгиледи:
-Орусия өңдүү чоң мамлекетте экономиканын ылдыйлаганы башка өлкөлөргө да кедергисин тийгизери турган иш. Евробиримдиктин Орусияга карата мындай чаралары Украинадагы кырдаалды саясий жол менен жөнгө салууга көмөктөшүүгө тийиш. Санкциялар түбөлүк уланбашы керектигин мен кайталап келатам. Ошол эле кезде Украина кризиси чечилиши керек.
Орусия менен Батыш өлкөлөрүнүн алакасы Украинадагы кырдаалдан улам начарлап кеткени белгилүү. Андан улам жарыяланган санкциялардан орус экономикасы алсырап, бул жагдай өз кезегинде Борбор Азияга да салакасын тийгизүүдө. (NT)