Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Жээнбеков: Апрель окуясы Кыргызстанда накта элдик бийликти орнотту


Апрель окуясы.
Апрель окуясы.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков апрель окуясынын алты жылдыгына арналган иш-чарада билдирди. Спикер ошондой эле 2010-жылдын 7-апрелинде набыт кеткен атуулдардын эрдиги унутулбасын айтып, кандуу окуядан бери алты жыл убакыттын ичинде өлкөдө чоң өзгөрүүлөр болгонун кошумчалады.

Анын айтуусунда, кыргыз эли ыңкылаптын максаттарын жүзөгө ашырууга жетишти. Эң башкысы, Кыргызстан парламенттик демократия жолуна түштү. Бийлик менен элдин ортосундагы жээк кичирейди,- деди Асылбек Жээнбеков.

Апрель окуясынын алты жылдыгына арналган иш-чара бүгүн Улуттук филармонияда өттү. Ага ЖК депутаттары, президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов, вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева жана апрель окуясынын баатырлары, алардын жакындары катышты.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы демонстрацияга чыккан элге ок атылган. Андан жүзгө жакын киши өлүп, көптөгөн адамдар жаракат алышкан. Апрель окуясына байланыштуу соттук териштирүү аягына чыга элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG