Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Лавров: Асаддын тагдырын сириялыктар чечет


Орусия менен АКШ мамлекеттери Сирия президенти Башар Асаддын тагдыры боюнча эч кандай келишимге келген жок. Бул “ыплас маалыматтын чыгып кетиши”,- деди Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров

“Биздин америкалык өнөктөштөр Сириянын келечеги боюнча бардык маселени сириялыктар өздөрү чечери тууралуу формулага шек келтире алышпайт”, - деди Лавров Москвада өткөргөн пресс-жыйында.

Кечээ араб тилиндеги “Аль-Хаят” гезити АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри бир катар араб өлкөлөрүнө Сирия боюнча чечимди ачык айтты деп жазган. Анда АКШ-Орусия Сириядагы тынчтык жараянында бир пикирге келди, анын ичинде Асаддын өлкөдөн чыгып кетүү ыктымалдыгы да каралган деп билдирилет.

XS
SM
MD
LG