Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Тажик айдоочусун өлтүргөндөр жазаны Орусияда өтөйт


Тажикстандагы 201-орусиялык аскерий базанын жоокерлери Ильдар Сахапов менен Федор Басимов 31-мартта Дүйшөмбүдөн Екатеринбург шаарынын түрмөсүнө жөнөтүлүштү. Алар өткөн жылы августта тажик айдоочусун өлтүрдү деп айыпталып, 13 жана 17 жылга эркинен ажыратылган.

201-орусиялык аскерий базанын аскерий гарнизондук сотундагы өздүк булак кабарлагандай, Ильдар Сахапов менен Федор Басимовду этап менен жөнөтүү соттун чечими боюнча ишке ашкан.

Аталган булактын ырасташынча, бул адамдар Рахимжон Тешабоевдин жакындарына моралдык жана материалдык чыгым катары 1 миллион рубль акчаны жаза мөөнөтүн өтөй баштагандан тарта төлөй башташат.

Рахимжондун бир тууганы Рустамжон Тешабоевдин айтымында, 31-мартта алар аскерий гарнизондун сотуна чакырылган. Соттолгон жоокерлер этап менен жөнөтүлө тургандыгы кабарланган. Бирок компенсация тууралуу бир да сөз айтылган эмес жана бул акча качан төлөнүп бериле тургандыгы белгисиз.

Рахимжон Тешабоевдин үй-бүлөсү жалдаган жактоочу Нигора Хайитова белгилегендей, айдоочуну өлтүргөндөн кийин Басимов анын унаасынан 37 500 рублин уурдап алган, ошондуктан соттолгондор милдеттүү түрдө бул зыяндын ордун толтурушу керек.

Такси айдоочу Рахимжон Тешабаевдин мууздалган жансыз денеси 2014-жылдын 19-августунда Дүйшөмбүнүн жанындагы Рудаки районунун Чимтеппа кыштагындагы көлдүн жээгинен табылган.

XS
SM
MD
LG